Ат-Башыда ток менен балык уулаган чет элдиктер депортацияланды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар кабарлашты.
Эске салсак, кечээ Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган. Чет элдиктер автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып коюшкан. Унаа айып короого киргизилип, териштирүү жүрүп баштаган.



