7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызфильмде» заманбап павильондор жана үн жаздыруучу студия ачылат

224

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясында тасма жана сериалдарды тартууга ылайыкташкан заманбап инфраструктура түзүлүүдө.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, киностудиянын аймагында сот залы, убактылуу кармоочу жай, абактагы жолугушуу бөлмөсү, батир, подъезд жана башка турмуштук көрүнүштөрдү тартууга ылайыкталган атайын павильондор курулуп жатат. Бул чыгармачыл топторго ар кандай локацияларды бир жерден пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, монтаждоо бөлүмдөрү жаңыланып, заманбап камералар, телекоммуникациялык жана үн жаздыруу жабдуулары орнотулат. Ошондой эле Dolby Atmos форматындагы жаңы үн жаздыруучу студия ачылат. Бул кыргыз киночуларына тасмалардын үнүн чет өлкөгө барбай эле өлкө ичинде жогорку сапатта жаздырууга шарт түзөт.

Министрдин маалыматына ылайык, реконструкция иштерине болжол менен 60 миллион сом бөлүнгөн. Оңдоо иштери быйыл февраль айында башталып, октябрь айында аяктоо пландалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 80ге жакын тасма тартылып, анын 20га жакыны мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылат.

225