«Манас» эл аралык аэропортуна узундугу 115 метрди түзгөн LED-экран орнотулат.
Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы санариптик экран аркылуу учактардын учуп-конуу жадыбалы, ошондой эле жарнамалык жана социалдык видеороликтер көрсөтүлөт.
Ишкананын билдиришинче, 115 метрлик экран Кыргызстандагы эң ири LED-экран болуп калат.
Долбоор аэропорттун маалыматтык инфраструктурасын жаңылоого жана жүргүнчүлөр үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.



