Кыргызстанда коррупция фактылары тууралуу эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси «Түндүк» ААК менен биргеликте «Коррупция жөнүндө билдирүү» санариптик кызматын ишке киргизди.
Жаңы кызмат аркылуу жарандар коррупция фактылары же коррупциялык укук бузууларга азгыруу учурлары тууралуу акысыз кайрылуу жөнөтө алышат. Бул үчүн «Түндүк» тиркемесиндеги «Коррупция жөнүндө билдирүү» бөлүмүн тандап, электрондук форманы толтуруп, керек болсо далилдөөчү материалдарды тиркөө керек.
Жарандын тандоосуна жараша кайрылуу кароо үчүн Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Маалыматка ылайык, жаңы санариптик кызмат коррупциянын алдын алуу механизмдерин күчөтүүгө, жарандардын кайрылуусун жеңилдетүүгө жана мамлекет менен коомдун коррупцияга каршы кызматташуусун чыңдоого багытталган.



