7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексин мөөр басып жабууну тапшырды

0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктө жайгашкан соода түйүндөрүнүн ишин токтотууну тапшырды.

Маалыматка ылайык, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылганы менен, объект бүгүнкү күнгө чейин расмий пайдаланууга бериле элек. Ошого карабастан, комплекстеги коммерциялык жайлар иштеп келген.
Мэр белгилегендей, инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарган эмес. Ушуга байланыштуу объект мыйзамдуу түрдө эксплуатацияга берилмейинче, бардык соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгү токтотулат.

Белгилүү болгондой, Свердлов райондук администрациясы 1-июлда ижарачыларга мыйзам бузууларды эки жуманын ичинде жоюу тууралуу 122 билдирүү тапшырган.
Ошондой эле тиешелүү кызматтарга ижарачылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бардык маселелер боюнча долбоордун инвесторуна кайрылуу зарылдыгын жеткирүү милдети коюлду.

Мында жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калары, чектөө соода жайларынын ишине гана тиешелүү экени белгиленди.

Мындан тышкары, шаар башчысы Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги демонтаж иштеринин, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана фонтанды реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

1