7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

50 жылдан ашык тарыхы бар аэропорттун реконструкция иштери 90 пайызга аяктады

142

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өлкө боюнча 500дөн ашык социалдык жана инфраструктуралык объекттин курулушун жүргүзүп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен биргеликте 50 жылдан ашык тарыхы бар «Манас» эл аралык аэропортун реконструкциялоо башталган. Долбоорду министрлик иштеп чыгып, учурда курулуш иштеринин 90 пайызы аяктады.

Акыркы жылдары Курулуш министрлиги өлкө аймагында социалдык объектилерди куруу менен катар, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, объектилерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо багытында масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.

Алардын катарында «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа комплекси, Таластагы «Баластан» балдар оюн-зоок борбору, «Манас Ордо» улуттук комплекси, «Чыңгыз Айтматов Ааламы» тарыхый-маданий комплекси жана «Манас-2» эл аралык аэропортунун жаңы терминалы бар.

Министрлик белгилегендей, бул объектилердин бир бөлүгү 2026-жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.

143