Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өлкө тарыхында алгачкы жолу дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жеңил атлетика инфраструктурасы түзүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу жана ар кандай аралыкка чуркоо үчүн заманбап шарттар түзүлгөн.
Курулуш иштеринде жеңил атлетика тармагында кеңири колдонулган Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы пайдаланылган. Чуркоо жолунун жаңы каптамасына 12 жылдык расмий кепилдик берилип, ал Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайыкташтырылган.
Мындан тышкары, буга чейин 8 тилкелүү болгон чуркоо жолу эми дүйнөлүк талаптарга ылайык 9 тилкеге чейин кеңейтилди.
Министрлик билдиргендей, жаңылоо иштери аяктагандан кийин стадион World Athletics ассоциациясынын расмий сертификатын алат. Бул Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттагы эл аралык жеңил атлетика мелдештерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Учурда стадионду толук реконструкциялоо жана заманбап талаптарга ылайыкташтыруу иштери уланууда.



