7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Режеп Тайып Эрдоган: 15-июлдагы каршылык дүйнөлүк демократия тарыхында теңдеши жок окуя

15

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине каршы түрк элинин көрсөткөн каршылыгын дүйнөлүк демократия тарыхындагы теңдешсиз окуя катары баалады.

“Түркиянын саясий тарыхындагы эң ырайымсыз төңкөрүш аракеттеринин бири мындан туура 10 жыл мурун, 2016-жылдын 15-июлунда болгон. Өлкөбүздүн мамлекеттик мекемелерине тымызын кирип алган террордук уюм уюштурган бул төңкөрүш аракетинин максаты Түркияны көп жылдарга созула турган башаламандыкка түртүп, элибиздин келечегин өз көзөмөлүнө алуу эле. Бирок көз карандысыздыгын жана келечегин коргоп чыккан каарман элибиз эр жүрөктүк менен төңкөрүшчүлөргө каршылык көрсөтүп, бул жерде улуттук эрк эч качан туткунга айланбай турганын бүткүл дүйнөгө далилдеди. Түрк элинин 15-июлдагы түнү көрсөткөн кыраакылыгы, эрдиги жана көрөгөчтүгү, албетте, дүйнөлүк демократия тарыхында да чыныгы теңдешсиз көрүнүш.

Фетуллахчы террордук уюм (FETÖ/ФЕТО) уюштурган бул чыккынчылык козголон кадимки төңкөрүш аракетинин чегинен чыгып, өлкөбүздүн көз карандысыздыгына түздөн-түз коркунуч жараткан басып алуу аракети болгон. Төңкөрүшчүлөрдүн алгачкы буталары улуттук эрктин жана элибиздин көз карандысыздыгынын символу болгон Президенттик сарайы менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны болду. 15-июль түнү жасаган кайрылуумда ушул кезге чейин элдин күчүнөн жогору турган эч кандай күч жок экенин баса белгилегем. Бул сөздөрдү айтканда түрк эли өз эркин сөзсүз коргой турганына толук ишенгем. Чынында эле, ошол түнү бекем ыйман жана өзүнө болгон ишеним менен көчөлөргө чыккан элибиз террордук топтун үстөмдүгүнө баш ийүүдөн баш тартты. Өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын, демократиялык жетишкендиктерин жана эркин тандоо укугун сактап калуу үчүн жанын аябаган элибиз төңкөрүшчүлөрдү жеңип, муундан-муунга сыймыктануу менен баяндала турган улуттук эрктин дастанын жаратты.

Элибиздин тайманбас позициясынан шыктануу алып, биз да бул чыккынчылык аракеттин терс кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюу үчүн чечкиндүү чараларды көрдүк. Мамлекеттик бардык түзүмдөрдө демократиялык системага саясий эмес жолдор аркылуу зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай түзүмдү коркунуч булагы болуудан чыгаруу үчүн зарыл болгон түзүмдүк реформаларды ыкчам ишке ашырдык. Андан соң биз күрөшүп жаткан башка террордук уюмдарды жок кылуу стратегиясынын алкагында өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жүргүзүлгөн операцияларда маанилүү ийгиликтерге жетиштик. Акырында, улуттук биримдигибиз менен ынтымагыбыздын тарыхында жаңы барак ачкан “Террорсуз Түркия” процессин баштадык. “Түркия кылымы” көз карашыбыздын негизги баскычтарынын бири болгон бул процесс бардыгын камтыган жана бириктирүүчү мамиленин негизинде, тиешелүү коопсуздук органдарыбыздын аракеттери менен саясий институттун колдоосунун аркасында, Кудайга шүгүр, өз максатына карай ишенимдүү кадамдар менен илгерилеп жатат. “Террорсуз Түркия” процессинин ийгилиги өлкөбүздүн гана эмес, жалпы аймактын да тынчтыгына чоң салым кошот деп ишенем.

Өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна сокку урууну көздөгөн бул төңкөрүш аракетин жасаган күчтөргө каршы жүргүзгөн күрөшүбүздүн натыйжасында энергетика, транспорт, саламаттык сактоо, айыл чарба, технология жана коргонуу тармактарында көптөгөн ири долбоорлорду ишке киргизип, дагы да бакубат келечекке карай бекем кадамдарды таштадык. Акыркы 10 жыл ичинде “Улуттук технологиялык демилгебиздин” алкагында коргонуу, авиация жана космос өнөр жайында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Электр жана акылдуу транспорт системаларын өнүктүрдүк, саламаттык сактоо менен айыл чарба тармактарына ири инвестицияларды жумшап, элибиздин жан аябастыгына татыктуу болууга аракет кылдык. Бул аралыкта дүйнөлүк деңгээлде таанылган улуттук бренддерибизди да өнүктүрдүк. Алардын арасынан TOGG электр унаабызды, KAAN улуттук согуштук учагыбызды, улуттук корветтерибизди жана учкучсуз учуучу аппараттарыбызды биринчи кезекте атоого болот.

Ошону менен катар, акыркы он жыл ичинде Түркия демилгелүү тышкы саясат жүргүзүү аркылуу аймактык да, дүйнөлүк да деңгээлдеги кризистерди жана жаңжалдарды жөнгө салууда таасирдүү мамлекет катары алдыга чыкты. Биз бардык кризистик аймактарда күчтүүнүн эмес, зулум көргөн жана акыйкатты жактагандардын тарабында туруп, тынчтык менен бейпилдикти камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик алуудан эч качан качкан жокпуз. Кайсы жерде зомбулук же адилетсиздик болсо, ошол жерде эл аралык укуктун, адилеттүүлүктүн жана абийирдин үнү болуп келдик. Бүгүнкү күндө Түркия аймактык жана глобалдык маселелерде пикири бааланган, сөзүнө ишеним артылган жана көз карашы эске алынган өлкө катары таанылып жатса, бул ийгиликтин артында 15-июль түнүндө көз карандысыздыгы менен келечегин коргоо үчүн өмүрүн тобокелге салган улуу элибиздин эрки турат.

Терроризмге каршы күрөш эл аралык кызматташтыкты талап кылган маанилүү багыт болгондуктан, ал тышкы саясатыбыздын күн тартибинде мурдагыдай эле алдыңкы орунда калууда. Белгилүү болгондой, акыркы эки жыл ичинде ФЕТО уюмунун чет өлкөлөрдөгү түзүмүндөрүндө ички ыдыроо процесси тездеди. Ошол эле учурда айрым мамлекеттер бул уюмга азыр да ачык болбосо да жашыруун колдоо көрсөтүп, анын мүчөлөрүнө башпаанек берип жатканын да билебиз. Өз максаттарына жетүү үчүн бардык ыкмаларды туура көргөн, ар кандай кейипке кирип, демократия, эркиндик жана адам укуктары сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарды өз кызыкчылыгы үчүн кыянаттык менен пайдалануудан тартынбаган ФЕТО уюмуна карата ар дайым сак болуу зарылдыгын ушул мүмкүнчүлуктөн пайдаланып дагы бир жолу белгилеп кетким келет. 15-июль түнүндө төңкөрүшчүлөрдүн колунан 253 жаранынан айрылган мамлекет катары биздин эл аралык коомчулуктан негизги күткөнүбүз — Түркиянын терроризмге каршы жүргүзүп жаткан акыйкат күрөшүнө колдоо көрсөтүү. Дүйнөлүк тынчтык, коопсуздук жана бакубат жашоо террордук уюмдарга каршы эч кандай айырмачылыксыз чечкиндүү, ымырасыз күрөш жүргүзүү жана мамлекеттердин чын ыкластуу кызматташуусу аркылуу гана камсыз кылынат”,- деди Түркия Республикасынын Президенти
Режеп Тайып ЭРДОГАН

16