7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө жаңыланган “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борбору ачылды

11

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ысык-Көл облусунда жаңыланган “Кыргызалтын Резорт” ден соолукту чыңдоо борборунун ачылыш аземине катышты.

Борбор мурдагы “Кыргыз деңизи” санаторийинин базасында түзүлдү. Объектти комплекстүү модернизациялоонун биринчи этабы аяктап, ал расмий түрдө жаңы аталыш менен ишке кирди.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде санаторий тоо-кен тармагында эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоо максатында “Кыргызалтын” ААКнын башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков курорттук аймактарды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жаңылоо жана эс алуу жайларынын сапатын жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Өнүгүүлөр менен катар өлкөдөгү курорттор, пансионаттар жана балдар лагерлери да жаңыланууда. Бул объекттер элдин ден соолугуна, жашоо сапатына жана үй-бүлөлүк бакубаттуулукка кызмат кылат. Жаңыланган “Кыргызалтын Резорт” ар бир конокко сапаттуу эс алуу тартуулап, өлкөбүздө туризмдин өнүгүшүнө салым кошот», – деди ал.

1975-жылы негизделген “Кыргыз деңизи” санаторийи өлкөдөгү ири ден соолукту чыңдоо жайларынын бири болуп келген. Имараттардын жана инженердик тармактардын эскиришине байланыштуу объектти толук реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Жаңылоо иштеринин алкагында башкы корпус, инженердик инфраструктура, аймак жана конок бөлмөлөрү заманбап талаптарга ылайык оңдолуп, жаңы эмерек жана техникалар менен камсыздалды. Ошондой эле узундугу 205 метр болгон заманбап пирс пайдаланууга берилди. 2009-жылдан бери иштебей турган ачык бассейн кайрадан ишке киргизилип, учурда эл аралык стандарттарга жооп берген көп функционалдуу спорт комплексинин курулушу уланууда.

12