«Олд Бишкек» жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөгүндөгү соода жайларынын ишинин убактылуу токтотуу чечимине байланыштуу учурдагы кырдаал боюнча долбоордун администрациясы түшүндүрмө берди.
Билдирүүгө ылайык, бул түшүндүрмө муниципалитет, бизнес өкүлдөрү жана шаар тургундарынын ортосунда ар кандай түшүнбөстүктөрдүн жаралышына жол бербөө максатын көздөйт.
Анда төмөнкүлөр айтылган:
Жер алдындагы өтмөк техникалык режимде мыйзамсыз эмес, шаар тургундарынын коопсуз жана ыңгайлуу өтүүсүн камсыздоо максатында ачылган
Документтер учурда стандарттуу макулдашуу жол-жоболорунан өтүп жатат. Өтмөктүн иштеши менен ЦУМдун жанындагы конструкцияны бузуу иштери эки өзүнчө процесс
Оор техниканы колдонуу өтмөктүн конструкциясына жана жөө адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгондуктан, демонтаж иштери этият жүргүзүлүүдө
Жашыл аймакты сугаруу үчүн шаардык кызматтардан суу түйүнүнө кошулуу мүмкүнчүлүгү бир нече жолу суралган, бирок азыркыга чейин техникалык шарттар түзүлбөй келет
Соода жайларын жабуу жүздөгөн ишкерлер менен кызматкерлерди оор абалга кептейт. Алар мэрия менен инвестордун ортосундагы талаштын курмандыгы болбошу керек
Эске салсак, Бүгүн, калаа мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктө жайгашкан соода түйүндөрүнүн ишин токтотууну тапшырган.



