Бишкекте «Санарип чек ара» мобилдик тиркемесинин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы тиркеме мамлекеттик чек арадагы ачык-айкындуулукту, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш жашаган жамааттарынын дараметин чыңдоо программасынын алкагында ишке ашырылды.
Жаңы мобилдик тиркеме жарандарга жана чет элдик конокторго чек арадан өтүүнүн актуалдуу эрежелери тууралуу маалыматты ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле өлкөдөгү 8 пилоттук өткөрмө пунктуна Milestone Systems программалык камсыздоосунун негизинде заманбап видеобайкоо системасы орнотулду. Бул мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, чек арадагы мониторингдин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.
Ачылыш аземинен кийин журналисттер үчүн «Ак-Жол» өткөрмө пунктуна пресс-тур уюштурулуп, алар мобилдик тиркеменин жана жаңы видеобайкоо системасынын иштөө тартиби менен жеринен таанышты.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Мирзамир Сыдыков бул долбоор чек ара кызматындагы ачык-айкындуулукту арттырып, Кыргызстанга келген жарандар менен чет элдик конокторду тейлөөнүн сапатын жакшыртарын белгиледи.



