7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы бугу-марал питомнигинин корголгон аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилди

163

Нарын мамлекеттик жаратылыш коругундагы бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулуп, анын жалпы корголгон аянты 82 гектарга жетти. Учурда коруктун жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган.

Бул аймакта Кыргызстандын Кызыл китебине кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа сыяктуу жаныбарлар, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чоң үкү жана орок тумшук чулдук өңдүү сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.

Мындан тышкары, корукта 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын катарында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры жана көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.

Белгилей кетсек, питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 9 баш өлчөмүндө өткөрүлүп берилген.

164