7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташкент – Тамчы багыты боюнча алгачкы түз аба каттамы ачылды

149

“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясы “Malva Tour” туроператору менен биргеликте Ташкент – Тамчы (“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту) багыты боюнча алгачкы сезондук түз аба каттамын ишке киргизди.

Жаңы каттам 2026-жылдын 15-июлунан тарта ачылып, жумасына бир жолу – ар шаршемби күнү аткарылат.

Маалыматка ылайык, жаңы аба каттамы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик агымды көбөйтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого багытталган.

Түз каттамдын учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзүп, жүргүнчүлөр үчүн транзитсиз жана ыңгайлуу сапарды камсыздайт.

Ошондой эле “Malva Tour” туроператору Ысык-Көлдө эс алууну каалагандар үчүн мейманканага жайгашуу жана экскурсияларды камтыган атайын турпакеттерди сунуштайт.

“Асман Эйрлайнс” эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтүүнү улантып, жеткиликтүү аба каттамдары аркылуу Кыргызстандын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгиледи.

Бул багыт боюнча авиабилеттер “Malva Tour” туроператору аркылуу сатылат.

150