Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, бул иштер Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарында оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан мамлекеттик имараттардын жана жеке менчик көп кабаттуу үйлөрдүн кыдырып, иштердин сапатуу жана өз убагында жасоо тапшырмасын берди.



