7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев Катардын мурдагы Эмирин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

4

15- июлда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен Катар Мамлекетине барып, Катардын мурдагы Эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуп, Садыр Жапаровдун атынан маркум атасы шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Расмий коштошуу зыйнаты үстүбүздөгү жылдын 13-15-июль күндөрү дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президенттеринин, Өкмөт башчыларынын, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жогорку даражадагы расмий кызмат адамдарынын катышуусунда өттү.

5