Чүй облусундагы Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда түшүм жыйноо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, заводдун Чүй облусунда 700 гектар жери бар. Бул аянттарда буудай, арпа, жүгөрү, беде, кант кызылчасы жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
Учурда арпа толугу менен жыйналып, буудайды оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат.
Жыйналган түшүмдүн бир бөлүгү үрөндүккө, калганы сатууга багытталып, кампаларга сакталууда.



