7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бардык жолдордо видео камералар бар. Ачууга алдырбай, сабырдуу болуңуздар!

223

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочуларды жолдо сабырдуу болуп, чыр-чатакка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, акыркы убакта жол талаштан улам чыккан жаңжалдар көбөйүп, мыйзам бузган жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

«Үстөмдүк кылып, басмырлап, сөгүнүп-сагынгандар милиция тарабынан кармалып, тийиштүү жазаларын алууда. Азыр ар бир адам телефонго тартып алат, көчөлөрдө жана жолдордо видео байкоо камералары бар. Ачууга алдырып жибербей, сабырдуулук кылсаңыздар. Мындай аракеттер коомго терс таасир тийгизип, жыйынтыгында өзүнө эле зыян алып келет»,- деди Орунбеков.

Ошондой эле ал Ош шаарында жол талаштан улам улгайган жаранды тилдеп жаткан айдоочу милиция тарабынан аныкталып, кармалганын белгиледи. Анын айтымында, аталган факты боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

224