7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек ШКУ саммитине карата жашылдандырылууда

223

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдыктын алкагында Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, «Манас» эл аралык аэропортуна алып баруучу жолдогу транспорттук түйүндө жалпы аянты 24 миң чарчы метр болгон жерге газон себүү иштери толугу менен аяктады. Газондун жакшы өсүшү үчүн адистер күн сайын атайын техникалар менен сугаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан сырткары, 16 миң чарчы метр аянтка күндөн коргоочу тор орнотулуп, ал топурактын нымдуулугун сактоого жана өсүмдүктөрдүн жакшы тамыр алышына шарт түзүүдө.

Ошондой эле 14 миң 200 чарчы метр жерге геотор төшөлүп, түшүмдүү топурак төгүлгөндөн кийин газон чөптөрү себилди. Учурда бул тилкеде көчөттөрдү үзгүлтүксүз сугаруу жана агротехникалык кароо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көркүн арттыруу максатында бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин да улантышууда.

224