Ысык-Ата районунун Ивановка айылында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ивановка айылынын тургунуна өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 95 миң 369 сом өлчөмүндө доо эсептелип, аталган сумма толугу менен өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, мыйзам бузган жаранга жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга жол бербөө тууралуу расмий эскертүү берилди.



