Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору 19-июлда саат 21:00дө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин борбордук Ала-Тоо аянтындагы чоң экрандан көрө алышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, финалдык оюнду көрүү үчүн аянтка жогорку сапаттагы LED-экран жана заманбап үн жабдуулары орнотулат.
Түз көрсөтүү башталганга чейин концерттик программа уюштурулуп, сахнага Ulukmanapo, Jax 02.14, Freeman 996, Бегиш, Баястан, Бек Борбиев, Ния, Афток жана белгилүү диджейлер чыгышат.
Ошондой эле коноктор үчүн интерактивдүү аянтчалар, оюн-зоок программалары, баалуу белектердин ойнотулушу жана тамак-аш, суусундуктар сунушталган фуд-корт уюштурулат.
Мындан тышкары, Кыргыз футбол биримдигинин колдоосу менен «Шоро» компаниясы уюштурган Legend Fan Festival масштабдуу фан-зонасынын расмий ачылышы өтөт.
Иш-чарага байланыштуу 19-июль күнү саат 19:00дөн тартып Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Эмгек даңкы аянтына чейинки тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун борбордук Ала-Тоо аянтына келип, жылдын башкы футболдук беттешин бирге көрүүгө чакырды.



