7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда биринчи жолу журтчунун 12 миң чакырымдык миграциялык жолу спутник аркылуу байкалды

2

Кыргызстандын тарыхында алгач ирет журтчу балапанына орнотулган спутниктик GPS-трекер аркылуу куштун толук миграциялык жолу көзөмөлдөндү. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, жаш куш дээрлик 12 миң чакырым аралыкты басып өтүп, кайра мекенине кайтып келди.
Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти тарабынан «Природы» фонду, Улуттук илимдер академиясы жана Central Asian Vulture Project менен биргеликте ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын сентябрь айында жаш журтчу уясынан чыгып, алгачкы өз алдынча сапарына аттанган. Ал учуу учурунда 11 985 чакырым жолду басып өтүп, Индия, Пакистан, Афганистан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймактарын кесип өткөн.
Куш сапарында деңиз деңгээлинен 5 200 метрге чейинки бийиктикке көтөрүлүп, Гиндукуш тоолорун, чөлдөрдү жана Борбордук жана Түштүк Азиядагы бийик тоолуу аймактарды аралаган.

2026-жылдын 15-июлунда журтчу кайрадан Кыргызстандын аймагына кайтып келип, Баткен облусунун Раззаков шаарынын аймагына учуп келген.

3