7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

6

Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсүндөгү жол өтмөктө оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жол өтмөктүн шып бөлүгүн каптоо жана жылуулук тармактарынын инженердик коммуникацияларын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу бүгүн саат 18:00дөн тартып дүйшөмбү күнгө чейин Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки түштүк багыттагы тилкесинде унаа кыймылынын бир тилкеси убактылуу жабылат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул тилкеде унаа кыймылы убактылуу киргизилген чектөөлөргө ылайык уюштурулат.

Айдоочуларга жол жүрүү багытын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоо сунушталды.

7