7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

132

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаевды өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын, транспорт, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда байланыштар бекемделип жаткандыгын белгилешти.

Элчи Рапиль Жошыбаев Министрлер Кабинетинин төрагасына Бишкектеги дипломатиялык ишинин мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары ырааттуу өнүгүшүнө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө ишеним билдиришти.

 

133