7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жетим балдар категориясындагы алты жаранга батирдин ачкычы тапшырылды

251

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон «жетим балдар» категориясындагы алты жаранга муниципалдык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, батирлердин ачкычтарын шаар мэри Айбек Жунушалиев тапшырды. Турак жайлар Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык убактылуу пайдаланууга берилди.

Батир алган жарандар Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларында турак жайга муктаж катары каттоодо турушкан.

Аземде шаар башчысы жаңы конуш ээлерин куттуктап, өз алдынча турак жайга ээ болуу алардын жашоосундагы жаңы баскыч экенин белгиледи.

«Муниципалитет өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууну улантууда. Мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгонуна карабастан, колдоого муктаж жарандарга жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», —деди Айбек Жунушалиев.

Муниципалитет белгилегендей, мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыттарынын бири -жарандарды Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат.

252