7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жубайын атып өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

274

Бишкекте мурунку аялы Жибек Урустемованы атып өлтүргөн Бакыт Урустемов өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук соту 10-июлда айыпкерди «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» жана «Кыйноо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын мүлкү конфискацияланып, жабырланган тарапка 1 миллион сом кенемте төлөмөй болду.

Эске салсак, былтыр 23-декабрда 47 жаштагы Жибек Урустемова туулган күнүндө калаадагы батиринде мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту өткөнү, күйөөсү отурумда ажырашпай турганын айтканы белгилүү болгон.

 

275