7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди

4

Азербайжандын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация Кыргызстанга таанышуу сапары менен келди.

Маалыматка ылайык, сапар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов тарабынан уюштурулган. Анын негизги максаты- маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү.

Пресс-турдун алкагында эки өлкөнүн медиа өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды кеңейтүү, өз ара ишенимди бекемдөө жана коомдук дипломатияны өнүктүрүү көздөлүүдө.

Сапар учурунда азербайжандык журналисттер Кыргызстандын алдыңкы ЖМКларынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруунун заманбап ыкмалары менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн кооз жаратылыш аймактарын жана туристтик жайларын камтыган маданий программага катышышат.

Белгиленгендей, мындай демилгелер журналисттер ортосунда узак мөөнөттүү кесиптик байланыштарды түзүүгө, объективдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга жана эки өлкөнүн гуманитардык алакаларын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү үчүн уюштурулган.

Мындай долбоорлор Кыргызстан менен достук мамиледеги мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, ишенимдүү диалогду жана ынак коңшулук байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

5