7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз бак кыйганы үчүн «Бишкек жашыл чарба» ишканасына айып салынды

20

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасына мыйзамсыз бак кыйганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Instagram социалдык тармагында Жукеев-Пудовкин көчөсүндө бактардын кыйылып жатканы тартылган видео тарагандан кийин министрликтин кызматкерлери жеринде текшерүү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын кызматкерлери бактарды мыйзамсыз кыйганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

21