7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы аныкталууда

153

Экономика жана коммерция министрлиги Россиядагы Wildberries-Russ компаниясынын кампаларындагы окуядан жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымын аныктоо иштерин баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуп, 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы кампаларга жасалган учкучсуз аппараттардын чабуулунун кесепеттерин талкуулады.

Окуядан улам кампаларда сакталган товарлардын арасында кыргызстандык ишкерлерге, анын ичинде тигүү тармагындагы өндүрүүчүлөргө таандык продукциялар да жабыркаганы белгиленди.

Учурда Wildberries-Russ компаниясы кампалардын жабыркоо деңгээлин жана сакталган товарлардын көлөмүн тактап, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарларын өзүнчө текшерип жатат.

Ал эми министрлик жабыркаган ишкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүп, келтирилген чыгым тууралуу маалыматтарды чогултууда. Зыяндын так көлөмү аныкталып, компаниядан расмий маалымат алынгандан кийин маселени чечүү боюнча кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү айтылды.

154