7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Данияр Амангелдиев: Мамлекет тарабынан чара көрүлбөсө, күйүүчү майдын баасы 150 сомго чейин жетмек

192

Эгер мамлекет тарабынан жөнгө салуу чаралары көрүлбөсө, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кыйла жогоруламак. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда АИ-95 бензининин баасы 120 сомго, АИ-92 бензини 114 сомго, ал эми дизель майы 148- 150 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн болмок.

Министр күйүүчү майдын кымбатташы жана тартыштыгы негизинен геосаясий кырдаалга жана Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордун ишине байланыштуу экенин белгиледи. Орусия ички рыногун камсыздоо үчүн күйүүчү май экспортун убактылуу чектеген.

Өкмөт бааларды турукташтыруу жана тартыштыктын алдын алуу үчүн чараларды көрүп жатканын билдирүүдө. Учурда Кыргызстан күйүүчү май жеткирүүнүн альтернативдүү багыттарын карап, Беларустан жана Кытайдан импорттоону баштады. Ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Данияр Амангелдиевдин маалыматына ылайык, өлкөдөгү күйүүчү майдын запасы буга чейин 2-3 жумага жетсе, азыр бул көлөм бир жарым айга чейин көбөйтүлдү. Өкмөт минималдуу запасты 2,5 айга жеткирүүнү көздөөдө.

193