7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы мектептерге 4,5 миң нускадагы “Балдар үчүн JavaScript» китеби акысыз таратылат

22

Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелерине 4 миң 500 нускада басылып чыккан “Балдар үчүн JavaScript” аттуу окуу куралы акысыз таратылат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, китеп англис тилинен кыргызчага которулуп, “Таалим-Форум” коомдук фонду тарабынан басылып чыгарылган.

Бул окуу куралы буга чейин да 3 миң 500 нускада жарык көрүп, өлкөдөгү китепканаларга таратылган. Учурда анын экинчи басылышы чыгарылып жатат. Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Министрлик белгилегендей, китеп JavaScript программалоо тилинин негиздерин жөнөкөй жана түшүнүктүү тилде үйрөтүп, балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө багытталган.

23