Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарында жайкы эмгек программасынын алкагында жүргөн кыргызстандык студенттер менен жолугушту.
Элчи социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, немис тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында студенттердин эмгек келишимдерине байланыштуу бир катар маселелер оң жагына чечилип жатат.
Маалыматка ылайык, студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан. Бирок Германиядагы өнөктөш тарап алар үчүн кошумча жумуш орундарын табууга аракет көрөрүн билдирген.
Буга чейин социалдык тармактарда жайкы каникул учурунда иштөө үчүн Германияга барган 150гө жакын кыргызстандык студент убада кылынган жумушка кире албай, жатаканадан чыгарылышы мүмкүн деген маалымат тараган.
Аталган окуя боюнча Samara Academy уюму түшүндүрмө берип, тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Уюмдун маалыматына караганда, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөн жана зарыл болгон учурда мөөнөтү узартылат. Ошондой эле аларга жумуш табуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылган.



