7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Текебаев: «Мен дагы 18 жашымда Россияга барып, атамдын үмүтүн актай албай калгам»

8

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарына барып, жумушсуз калган студенттер менен жолуккан. Ал социалдык тармактагы баракчасына, студент кезинде стройотряд менен Ярославль шаарына барып иштеп келгенин айтып, атасынын үмүтүн актай албай калганын эскерген.

«Мен да 18 жашымда, 1978-жылы стройотряд менен Ярославль шаарына барып иштеп келгем. Атам мени чоң үмүт менен күтүп жүргөн экен. Көрсө, «Студенттер стройотряддан жакшы акча таап келишет экен», — деп бирөөлөрдөн уккан экен. Ошондуктан: «Балам акча алып келет, жаңы салып жаткан үйүбүзгө жардам болот», — деп үмүт кылса керек. Мен болсо дээрлик акчасыз эле үйгө кирип келдим. Кийин апамдан уктум: адамдар атамдан: «Балаң канча акча алып келди?» — деп сурашат экен. Ошондо атамдын үмүтүн актай албаганыма бүгүнкү күнгө чейин ичим ачышат. Ошол окуяга элүү жылга жакын убакыт өтсө да, атамдын ошол үмүттүү күтүүсү эсимден кетпей, өмүр бою өкүнүч, арман болуп калды.

Кечээ Бремен шаарында биздин студенттер менен жолуктум. Жаштары болгону 18–21де. Ошондо баягы окуя эсиме түштү. Аларды көрүп бир жагынан кайгырдым, бир жагынан сыймыктандым. Балдарыбыз намыстуу, мээнеткеч болуп чоңоюптур. Алар болгону жумуш сурап жатышты. Жеңилин эмес, «любой» жумушту. «Дагы 20–25 күн иштесек болот эле. Эң оор кара жумуш болсо да иштейбиз. Болгону үйгө куру кол кайткыбыз келбейт», — деп суранып жатышты. Чынында эле бул жаштарды өз ата-энелери эле эмес, бүтүндөй айылы күтүп жатат. «Паланчанын баласы же кызы Германиядан кандай келип жатат экен?» — деп карап турушат. Балким, алардын ата-энелери да: «Балам же кызым бир аз болсо да акча таап келет. Кем-карчыбызды толуктайбыз. Эл алдында балабыз эмгекчил, аракетчил болуп калды деп сыймыктанабыз», — деген чоң үмүт менен күтүп жаткандыр.

Ошондуктан бул жаштар: «Ата-энебиздин, ини-карындаштарыбыздын, туугандарыбыздын үмүтүн актай албай калат окшойбуз», — деп намыстанып, өздөрү да абдан кыйналып жатышат. Бул жерде кеп акчада эмес. Кеп ата-эненин үмүтүндө, баланын намысында, үй-бүлөнүн ыйык сезимдеринде. Ошондуктан ата-энелерге айтарым: бул балдарды күнөөлөбөңүздөр. Алар азамат жаштар. Намыстуу жаштар. Алар ата-энесине жүк болбой, тескерисинче, жардам берүүнү көздөп келишкен. Бул сапар баары ойлогондой болбой калды. Бирок алар чоң турмуштук сабак алышты, эл-жер көрүштү, катаал дүйнөнүн чыныгы жүзүн таанышты.

Ошондуктан алар үйгө көп акча алып барбаса да, аларды жеңиш менен келген баатырдай тосуп алыңыздар. Анткени алар өздөрү үчүн эмес, ата-энесинин үмүтү, тилеги үчүн акыркы күнгө чейин намысын бербей турушту. Эрдик деген так ушундай болот!»,- деген Текебаев.

9