7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алат

160

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026-2027-жылдарга каржылоо планы тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган.

Макулдашуунун негизинде Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар өлчөмүндө насыя алат. Каражат 32 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинен 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет. Бул мезгилде насыянын үстөгү 1 пайызды түзсө, кийинки жылдары 1,5 пайыз болот.

Алынган каражат бир нече багытка жумшалат. Анын ичинен:

  • 105,5 млн доллар – чакан жана орто бизнести каржылоого;
  • 183,5 млн доллар – энергетика жана транспорт тармагына;
  • 83 млн доллар – таштанды жана санитария системасын өнүктүрүүгө;
  • 64,5 млн доллар – социалдык тармакка;
  • 63,5 млн доллар – климат жана айыл чарба багыттарына бөлүнөт.
161