Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026-2027-жылдарга каржылоо планы тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган.
Макулдашуунун негизинде Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар өлчөмүндө насыя алат. Каражат 32 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинен 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет. Бул мезгилде насыянын үстөгү 1 пайызды түзсө, кийинки жылдары 1,5 пайыз болот.
Алынган каражат бир нече багытка жумшалат. Анын ичинен:
- 105,5 млн доллар – чакан жана орто бизнести каржылоого;
- 183,5 млн доллар – энергетика жана транспорт тармагына;
- 83 млн доллар – таштанды жана санитария системасын өнүктүрүүгө;
- 64,5 млн доллар – социалдык тармакка;
- 63,5 млн доллар – климат жана айыл чарба багыттарына бөлүнөт.



