Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы 2027-жылы Сауд Арабиясына ажылык сапарына бара турган зыяратчыларды жеткирүү жана алып келүү үчүн авиакомпанияларды тандоо боюнча ачык сынак жарыялады.
Муфтияттын маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн документтер 2026-жылдын 27-июлунан 24-августка чейин саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар каралбайт.
Ал эми тандоо комиссиясынын жыйыны 2026-жылдын 27-августунда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Муфтияттын жаңы кеңсесинин жыйындар залында өтөт.
Сынакка катышууну каалаган авиакомпаниялар талаптар боюнча кеңири маалыматты Муфтияттын жаңы кеңсесинен ала алышат.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 264/3.
Муфтият ажылык иштерине даярдыктар алдын ала башталганын белгилеп, бардык кызыкдар авиакомпанияларды белгиленген мөөнөттө документтерин тапшырууга чакырды.



