7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-3-класстын окуучуларына мурдагыдай эле баа коюлбайт

20

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстардын окуучуларынын билим жетишкендиктерин баалоо тартиби өзгөрүүсүз сакталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга мурдагыдай эле сандык баа коюлбайт. Алардын жетишкендиктери сапаттык жана сыпаттык баалоо ыкмасы аркылуу аныкталат.

Ал эми 4-класстан тартып окуучулардын билимин баалоодо белгилер коюу системасы колдонулат.

Агартуу министрлиги белгилегендей, мындай ыкма башталгыч класстын окуучуларынын мектептеги окуу процессине жеңил ыңгайлашуусуна шарт түзүп, алардын жетишкендиктерин кеңири жана ар тараптуу баалоого мүмкүнчүлүк берет.

21