7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда браконьерлерге жаза күчөтүлдү: айрым учурларда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат

15

Кыргызстанда браконьерлик үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айрым учурларда жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзамга ылайык, мыйзамсыз аңчылык же балык уулоонун кесепетинен олуттуу зыян келтирилсе, күнөөлүү адамга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Эгерде мыйзам бузууда транспорт каражаттары, кайык, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор же жаныбарларды массалык түрдө жок кылууга мүмкүндүк берген башка ыкмалар пайдаланылса, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.

Мыйзамга ылайык, төмөнкү учурларда жаза жети жылга чейин күчөтүлөт:

  • өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана коруктарда браконьерлик жасалса;
  • сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучундагы жаныбарлар мыйзамсыз жок кылынса;
  • кызматтык абалынан пайдаланып мыйзам бузулса;
  • өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилсе же этиятсыздыктан оор кесепеттерге алып келсе.

Ошондой эле мыйзамда келтирилген зыяндын өлчөмү так аныкталган. Ага ылайык, 10 миң сомдон жогору зыян олуттуу, 100 миң сомдон жогору зыян ири, ал эми 1 миллион сомдон жогору зыян өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян катары бааланат.

15