Кыргызгидромет кызматында мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталып, анын негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Кыргызгидрометтин айрым жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мыйзамсыз төлөмдөрдү жүргүзүп келишкени белгилүү болгон. Тактап айтканда, мурда иштен кеткен кызматкерлердин атына жана айрым учурдагы кызматкерлерге мыйзамда каралган суммадан кыйла жогору өлчөмдө акча каражаттары которулуп турган.
Алдын ала маалымат боюнча, мындай аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 16 миллион сом өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген.
Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп, тергөө органдары окуяга тиешеси бар бардык жагдайларды жана жооптуу адамдарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.



