7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын маданият министри Чолпон-Атада кыргызча ырдап, элге жылуу маанай тартуулады

229

Чолпон-Атада өтүп жаткан Өзбекстандын маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков өзүнүн кыргыз тилинде ырдап, көрүүчүлөргө жылуу маанай тартуулады.

Өз сөзүндө министр Кыргызстандын эл артисти деген ардактуу наамдын ээси экенин эске салып, кыргыз элинин алдында кыргыз тилинде чыгарма аткарууну өзүнө милдет катары эсептей турганын белгиледи.

“Мен Кыргызстандын эл артистимин. Ошондуктан кыргыз эли үчүн кыргызча ырдоого милдеттүүмүн. Келечекте өз чыгармаларымды кыргызча ырдоого убада берем”, – деген Озодбек Назарбеков.

Министр башка дагы бир катар чыгармаларды аткарып, күйөрмандар үчүн чыныгы майрам тартуулады.

Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Атадагы “Дордой Номад” этнокомплексинде Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жабылыш аземи чоң концерт менен коштолууда. Иш-чара эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого, элдердин достугун жана руханий байланышын бекемдөөгө багытталган. Өзбекстандык өнөрпоздор концерттик программаларын тартуулап, көрүүчүлөргө унутулгус майрамдык маанай тартуулашууда.

230