7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арашан- чуңкурчак унаа жолуна биринчи катмар асфальт төшөлүп бүттү

191

Чүй облусундагы негизги туристтик каттамдардын бири саналган Арашан–Чуңкурчак унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Бул жол аркылуу өлкөдөгү белгилүү лыжа базаларына жана эс алуу жайларына жетүүгө болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы узундугу 20 чакырым 731 метрди түзгөн жолдун биринчи катмарындагы, калыңдыгы 7 сантиметр болгон асфальт толугу менен төшөлүп бүттү. Долбоорго ылайык, анын үстүнө дагы 5 сантиметр калыңдыктагы экинчи катмар асфальт төшөлөт.

Ошондой эле жол боюндагы тирөөчү дубалдарды жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери толук аяктады. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында темир тосмолордун 60 пайызы орнотулуп, жол белгилеринин дээрлик 80 пайызы коюлган. Мындан сырткары, долбоордун алкагында курулуп жаткан эки көпүрөнүн курулушу да толугу менен бүткөрүлдү.

Министрлик белгилегендей, жол пайдаланууга берилгенден кийин туристтик аймактарга жетүү кыйла жеңилдеп, жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорттук тейлөөнүн сапаты жакшырат.

Учурда курулуш иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө.

192