7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда Apple Pay төлөм кызматы расмий ишке кирди

240

Кыргызстанда Apple Pay эл аралык төлөм кызматы расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка ылайык, эми банк карталарынын ээлери Apple түзмөктөрү аркылуу өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө байланышсыз төлөмдөрдү тез, ыңгайлуу жана коопсуз жүргүзө алышат.

Улуттук банктын белгилешинче, жаңы кызматтын ишке кириши ишкерлер үчүн да кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Тактап айтканда, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө, ошондой эле кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Мекемеден билдиришкендей, бул төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды жайылтуу жана Кыргызстандын дүйнөлүк санариптик төлөм системасына интеграцияланышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасы болуп саналат.

241