7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каза болгон адамдын электрондук капчыгындагы акча мураскерлерге комиссиясыз берилет

17

Каза болгон адамдын электрондук капчыгында калган каражат мураскерлерге толук көлөмдө жана комиссия кармалбастан өткөрүлүп берилиши керек. Бул тууралуу Улуттук банктын методология жана төлөм системаларын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Адилет Сыргатаев билдирди.

Анын айтымында, электрондук акча чыгарган уюм капчыктагы каражаттын толук суммасын кайтарып берүү үчүн жооптуу. Башкача айтканда, мураскерге акча өткөрүлгөндө эч кандай пайыз же комиссия алынбайт.

Каражатты алуу үчүн мураскер нотариуска кайрылышы керек. Тиешелүү документтер текшерилгенден кийин нотариус банкка же электрондук акча чыгарган уюмга кайрылуу жөнөтөт. Андан соң мураскер мурастоо укугу тууралуу күбөлүктүн негизинде электрондук капчыктагы каражатты ала алат.

Жаңы мыйзам электрондук акчаны мурастоо тартибин тактап, мураскерлердин, нотариустардын, банктардын жана төлөм уюмдарынын милдеттерин аныктайт. Буга чейин мындай маселелер жарандык мыйзамдардын жалпы нормалары менен гана жөнгө салынып келген.

18