Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда, Казакстанга келди.
Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Мамлекет башчысын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров эл аралык көп спорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.



