7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Wildberries жабыркаган кыргызстандык сатуучуларга жарым-жартылай компенсация төлөдү

224

Орусиядагы Wildberries компаниясы кампалардагы окуядан жабыркаган кыргызстандык сатуучуларга жарым-жартылай компенсация төлөнгөнүн билдирди. Калган кенемте зыяндын көлөмү толук аныкталгандан кийин эсептелип чыгары айтылды.

Бул маселе экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында талкууланды. Ага Wildberries компаниясынын өкүлдөрү, тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, сатуучулардын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда жабыркаган ишкерлерди колдоо, электрондук сооданы өнүктүрүү жана кайрылууларды ыкчам кароо үчүн координациялык штаб түзүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле Экономика министрлиги ишкерлерди колдоо боюнча кошумча мамлекеттик чараларды даярдап жатканын билдирди.

Эске салсак, июль айында Орусиядагы Wildberries компаниясынын бир нече кампасына жасалган чабуулдардан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкерлердин товарлары күйүп кеткен.

225