7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан компанияга чара көрүлдү

189

Борбор калаадагы Горький жана Жаш Гвардия көчөлөрүндө курулуп жаткан 10 кабаттуу турак үйдө мыйзамсыз курулуш иштери уланып жаткандыгы аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, курулушту токтотуу тууралуу расмий талапка карабастан иштер улантылган.

Жыйынтыгында курулуш жүргүзгөн тарапка 213 миң сом айып пул салынып, материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Кайра жүргүзүлгөн текшерүүдө да мыйзам бузуу жоюлбагандыктан, «Император Строй» ЖЧКсын Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана анын курулуш лицензиясын токтотуу боюнча сунуш жөнөтүлдү.

190