7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тамчы -Чолпон-Ата жолунда 1-августка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет

239

Бүгүнтөн баштап 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагзов фейсбук баракчасына жазды.

«Ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.

Мындан сырткары,
Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.
Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.

Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм»,- деп жазган ал.

240