7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мадина базары 3 айлык жеңилдетилген мөөнөткө жабылбайт

188

«Мадина» базары 1-августтан тарта жабылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, Айбек Жунушалиев ишкерлер жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашып алуусу үчүн кошумча убакыт берүү чечими кабыл алынганын айткан. Ошондой эле аларга үч айлык жеңилдетилген мөөнөт каралат.

Мындан тышкары, шаар башчысы жаңы базардын ээлерине соода жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле ал ижара укугун сатып алуу же башка адамдарга өткөрүп берүү мыйзамсыз экенин белгилеп, мындай учурларга укуктук баа берилерин эскертти.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, шаар тургундарынан «Мадина» базарынын санитардык абалы жана унаа тыгыны боюнча көптөгөн даттануулар түшүүдө. Ал базарларды жаңылоо Бишкектин соода инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

189