Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Мамлекеттик сыйлыкты президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өткөн мамлекеттик сапардын алкагында Өзбекстандын лидерине салтанаттуу түрдө тапшырды.
«Манас» ордени — Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал өлкөнүн экономикасына жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы, мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоодогу, элдин биримдигин бекемдөөдөгү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттыруудагы өзгөчө жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев буга чейин ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыганын белгилеп, алардын ичинен I даражадагы «Манас» ордени өзү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.



