7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 2 медаль жеңди

147

Кыргызстандык окуучулар Литванын Каунас шаарында өткөн информатика боюнча 10-Европалык өспүрүмдөр олимпиадасында (EJOI-2026) бир күмүш жана бир коло медаль жеңип алышты.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, күмүш медалды Intellect Pro School мектебинин 10-классынын окуучусу Азирет Исраилов, ал эми коло медалды «Газпром Кыргызстан» мектебинин 9-классынын окуучусу Арлан Саят жеңип алды.

Ошондой эле Эмирхан Сыдыкбаев менен Бектен Абдувалиев олимпиадада ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үчүн ардак грамоталарга татыды.

Белгилей кетсек, EJOI-2026га 25 өлкөдөн 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катышкан. Кыргызстандын атынан олимпиадага төрт окуучу күч сынашты.

148