7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ылдамдык»: Көчмөндөр оюндарынын жаңы видеосу коомчулукка тартууланды

222

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы «Мурас – кыймылда» видеодолбоорунун экинчи бөлүгү – «Ылдамдык» аттуу роликти сунуштады.

Ролик оюндардын спорттук программасына жана ат үстүндөгү улуттук спорт түрлөрүнө арналган. Анда тыйын эңмей, көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш аркылуу көчмөндөрдүн кылымдарды карыткан салттары жана чабандестик өнөрү чагылдырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн келген спортчуларды бириктирип, улуттук спортту жана көчмөндөрдүн маданий мурасын дүйнөгө жайылтууга өбөлгө түзөт.

223